Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры № 56
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Суу айылындагы “Кыялкеч” балдар бакчасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл өкмотүно караштуу Ак-Суу айылындагы “Кыялкеч” балдар бакчасын капиталдык оңдооодон өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Суу айылындагы “Кыялкеч” балдар бакчасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өздүк салым катары 1 041 478 (бир миллион кырк бир миң төрт жүз жетимиш сегиз миң ) сом акча каражатын 2026-жылдын бюджетинен бөлүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |