Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры № 57
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн кеңсесин жана айлана тосмосун капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн кеңсесин жана айлана тосмосун капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 2026-жылдын Түрткү берүүчү грант эсебине сунуштоо жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 1 559 328 (бир миллион беш жүз элүү тогуз миң үч жүз жыйырма сегиз) сом акча каражатын бөлүү боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы С.Назырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы С.Назырбаевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 2026-жылга бюджет эсебинен 1 559 328 (бир миллион беш жүз элүү тогуз миң үч жүз жыйырма сегиз) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
Суралсын;калган керектүү акча каражаты Мамлекеттик Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттар эсебинен.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо,өздүк салым катары акча каражатын которуу
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын экономика,бюджет,
соода жана ишкердүүлүк боюнча депутаттардын туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |