Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХIХ-сессиясы

2023-жылдын 27-сентябрындагы № 77

Мамлекет тарабынан берилген компенсация жөнүндө

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Дөң-Булак айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу коммиссиясында каралып, токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №137 токтомуна ылайык дыйкан-фермерлер айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгынан бошотулгандыгына байланыштуу:

 

Юридикалык жер салыгы 680,2 миң сом.

 

Жалпысынан 680,2 миң сом акча каражаты 2023-жылдын жыйынтыгы менен компенсация катары мамлекет тарабынан берилген.

 

Жалпысынан 680,2 миң сом акча каражаты

Аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине 300,0миң сом, бала бакча бөлүмүнүн 2221 беренесине 344,0 миң сом, айыл чарба бөлүмүнүн 2214 беренесине 33,2 миң сом, билим берүү бөлүмүнүн 2215 бөлүмүнө 3,0 миң сом.

 

Жалпысынан 680,2 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Курманбаевага милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

Ө. Жусупов