Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 22-декабры № 70
Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Газ орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы №159 токтомун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25- мартындагы №149 токтомуну жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 19-беренесине “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү мыйзамынын 39-беренесине Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы №01-25/2149 сандуу чыгыш катын аткарууга алып, Газ орто мектебинин педогогикалык кеңешмесинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы протоколун, Газ айылынын жергиликтүү тургундарынын 2025-жылдын 19-декабрындагы элдик чогулушунун протоколунун негизинде, Алтын-Бешик айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна ылайык Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы токтом кылат:
1 Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги, билим берүүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон маркум, Ысманов Аширали Ысмановичтин ысымын Газ орто мектебине ыйгарууга макулдук берилсин.
2 Ушул токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовго милдеттендирилсин.
3 Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын, жана токтомду ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4 Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5 Токтом Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрайым: | А. Матраимова |