ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХIХ-сессиясы
2023-жылдын 27-сентябрындагы № 78
Дөң-Булак айылдык аймагынан Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жөнүндө
Дөң-Булак айылдык кеңешинин кезексиз XIХ отуруму Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 23-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 21-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №215 Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө” №52-137 буйругун аткарууга алуу жөнүндөгү” 01-14/286 тескемесине ылайык, Дөң-Булак айылдык аймагынан Өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графиги жана жумушчу топтун курамы каралып, токтом кылат:
1. Дөң-Булак айылдык аймагынан Өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоону уюштуруу иштерин жүргүзүү боюнча жумушчу топтун курамына төмөндөгүлөр бекитилсин.
- Жусупов Өмүрбек Ильясович - Дөң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы;
- Кайназарова Инаватхан - Дөң-Булак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары;
- Инашова Асел - Дөң-Булак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы;
- Ибрагимова Курманжан - Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы;
- Эсеналиев Пазылбек - Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аксакалдар соту;
- Полотбеков Эсенбек - Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн юристи;
- Көкөнов Эрнистбек - Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин төрагасы;
- Айтиева Дамира – айылдык кеңештин депутаты;
- Боронов Абдивали - Айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
- Ниязов Баяман – айылдык кеңештин депутаты;
- Булашбаев Осмонали – айыл башчы;
2. Дөң-Булак айылдык аймагынан өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу 100 өкүлдөрдүн саны бекитилсин.
3. Дөң-Булак айылдык аймагынан өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графиги №1 тиркемеге жана өкүлчүлүктүү жыйынга шайлануучу делегаттардын саны №2 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
4. Токтомдун аткаруу жагы Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу боюнча жумушчу топко милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ө. Жусупов |