Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХIХ-сессиясы

2023-жылдын 27-сентябрындагы № 81

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-Алма участкасындагы Икромжон угли Исроилжондын турак жай куруу үчүн берилген жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу” (тарнсформациялоо) жөнүндө мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-Алма айылынын тургуну Икромжон угли Исроилжондын турак жай куруу үчүн берилген жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүп, элдин муктаждыгын эске алып, калкты тейлөөчү коомдук дүкөн ачуу боюнча жазган арызын угуп жана талкуулап жана жергиликтүү бюджетти көбөйтүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-Алма участкасындагы Икромжон угли Исроилжондын № Ч 1103010 мамлекеттик актысынын негизинде 1700 кв.м. менчиги болгон жер тилкесине коомдук дүкөн ачууга макулдук берилсин.

 

2. Жер аянтын мамлекеттик актысын негизинде тактап, керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Кадастр” мамлекеттик башкармалыгынан суралсын.

 

3. Жер аянтына тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгына сунуш кылынсын.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

Ө. Жусупов