ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезектеги ХХ-сессиясы
2023-жылдын 10-ноябрындагы №82
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 9 айына бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча айылдык кеңешке берген отчёту, 2023-жылдын 9 айына титулдук барагын бекитүү жана 2023-жылдын 9 айына карата үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Бюджеттик Кодексине”, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 9 айына бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышы, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 9 айына титулдук барагын бекитүү жана 2023-жылдын 1-октябрына карата үнөмдөлгөн акча каражатын титулдук барака кошуп кароо жөнүндө меселени айылдык кеңешинин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо” боюнча туруктуу комиссиясында каралып, токтом кылат:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 9 айына бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышы, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Өзгөн райондук финансы башкармалыгына жана Райондук казна бөлүмүнө берген отчетунун негизинде, Дөң-Булак айылдык кеңешинин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо” боюнча комитетте карап чыгып, киреше бөлүгүнүн 121,9% аткарылгандыгын жана чыгаша бөлүгүнүн сарамжалдуу пайдалангандыгы менен таанышып, айылдык кеңештин сессиясында жактырылып, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 9 айына карата аткарылган бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүмүнүн отчоту канааттандырарлык деп кабыл алынсын.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-октябрына карата бюджеттен 10798,6 миң сом ал эми атайын каражаттар эсебинен үнөмдөлгөн 349,1 миң сом акча каражаты Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин титулдук баракчасына ылайык бекитилсин.
3. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-октябрына карата бекитилген бюджетинин корголгон статьялардан ашканы титулдук баракчага ылайык сарпталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин.
Төрага | Ө. Жусупов |