Редакцияот 10.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезектеги ХХ-сессиясы

2023-жылдын 10-ноябрындагы №83

Кошумча план алуу

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын III-кварталынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн, Дөң-Булак айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып, токтом кылат:

 

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын III-кварталынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн подоход салыгынан 4000,0 миң сом, патенттин негизиндеги салыктан 150,0 миң сом, транспорт салыгы 200,0 миң сом, роялти 654,9 миң сом, айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын жакшыртууга 100,0 миң сом, лицензия 2550,0 миң сом, фондунун арендасы 473,1 миң сом, айыл чарба жараксыз жерлерди сатуудан 591,0 миң сом, жалпысы 8719,0 миң сом кошумча план жеткирилсин. Кошумча жеткирилген акча каражаты Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн Аппарат бөлүмүнүн 917,2 миң сом, Айылдык кеңеш бөлүмүнө 110 миң сом, Билим берүү бөлүмүнө 1425,9 миң сом, Бала бакча бөлүмүнө 1454,7 миң сом, ЖКХ бөлүмүнө 4660,0 миң сом, Айыл чарба бөлүмүнө 151,2 миң сом, акча каражаты кириштелсин.

 

2. Токтомдун аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Курманбаевага милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

Ө. Жусупов