Редакцияот 10.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезектеги ХХ-сессиясы

2023-жылдын 10-ноябрындагы № 86

Дөң-Булак айыл өкмөтү, Бахмал айылы,И.Жусупов көчөсү №32-б үйүнүн тургуну Абдуллажанова Мафтунахон Шавкатжановнанын жазган арызын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу” (тарнсформациялоо) жөнүндө мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал айылынын тургунуАбдуллажанова Мафтунахон Шавкатжановнанын турак жай ээлеген жер аянтынын пайдалануу багытын “Калктуу конуштар” багытына өзгөртүп берүү боюнча жазган арызын угуп жана талкуулап, токтом кылат:

 

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Бахмал айылынын тургуну Абдуллажанова Мафтунахон Шавкатжановнанын турак жай ээлеген жер аянтынын мамлекеттик актысынын сериясы Ч №774324 идентификациялык коду 5-06-03-1001-0633 сандуу жер тилкесинин пайдалануу багытын “Калктуу конуштар” багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Көрсөтүлгөн жердин иш кагаздарын толуктоо жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

Төрага

Ө. Жусупов