Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-декабры № 68
“№4 орто мектептин спорт залын
капиталдык оңдоо” долбоорун бекитүү жөнүндө
Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык мүлк, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Москва райондук өнүктүрүү фонду тарабынан "№4 орто мектептин спорт залын капиталдык оңдоо" долбоорун кош каржылоого каражат каралсын.
2.Долбоор жактырылган учурда жергиликтүү бюджеттен 1 695 637 (Бир миллион алты жүз токсон беш миң алты жүз отуз жети) сом суммасында акча каражаты бөлүнсүн.
3.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберип, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине каттоо үчүн чара көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
А.Т. Урманбетов |