ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХХI-сессиясы
2023-жылдын 27-ноябрындагы № 87
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылынын чоң жолуна (центральный) асфальт төшөө үчүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылынын чоң жолуна (центральный) асфальт төшөө үчүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 1-майындагы №59 Бюджеттик кодексинин 44-беренесине жана 78-беренелерине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылынын чоң жолуна (центральный) асфальт төшөө үчүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен 3 066 930 миң сом акча каражаты каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык меселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |