Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХХI-сессиясы

2023-жылдын 27-ноябрындагы № 88

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылынын Бабаш уулу-1 көчөсүнө асфальт төшөө үчүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын кароо жөнүндө

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылынын Бабаш уулу-1 көчөсүнө асфальт төшөө үчүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 1-майындагы №59 Бюджеттик кодексинин 44-беренесине жана 78-беренелерине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылынын Бабаш уулу-1 көчөсүнө асфальт төшөө үчүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен 3 323,4 миң сом акча каражаты каралып, аткарууга алынсын.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык меселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

Төрага

Ө. Жусупов