Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I сессиясы

 

2024-жылдын 28-ноябры № 7

 

“Турак-жай коммуналдык чарба бөлүмүнө кошумча план алуу жөнүндө”

 

 

                Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы

Токтом кылат

1.Кара-Шоро айыл айылдык кеңеши 2024-жылдын 11 айдын жыйынтыгы менен транспорт салыгынан кошумча түшкөн 200,0 миң сомго турак-жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн 2215 беренесинин пайдалануусуна план жеткирилсин.

 

3.Кошумча жеткирилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн турак-жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн 2215 беренесине 200,0 миң сомго план алууга макулдук берилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.

 

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “финансы жана экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

З.Кадырбеков