ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХХI-сессиясы
2023-жылдын 27-ноябрындагы № 92
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу участкасындагы №579 контурундагы 2,0 га жер участогуна түзүлгөн шифр № 39/2023 19.06.2023-жылкы башкы планын өзгөртүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу участкасындагы №579 контурундагы 2,0 га жер участогуна түзүлгөн шифр № 39/2023 19.06.2023-жылкы түзүлгөн башкы планы боюнча айыл тургундарынын макулдугу жана туруктуу комиссиянын сунушун негизинде өзгөртүү киргизүү максатында, токтом кылат:
1. Кыргыз Илим изилдөө жана шаар куруунун түштүк региондук бөлүмү тарабынан Бабаш уулу участкасындагы №579 контурундагы 2,0 га жер участогуна түзүлгөн шифр № 39/2023 19.06.2023-жылкы башкы планына өзгөртүү киргизип айыл тургундарынын макулдугун жана туруктуу комиссиянын сунушун эске алуу менен бош турган жер тилкелери 500 кв.метрден даярдалып башкы планга өзгөртүү киргизилсин.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, турак жай салуу үчүн мыйзам негизинде иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасына сунуш кылынсын.
3. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Кадастр” башкармалыгынан сунуш кылынсын.
4. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде даярдап бекитип берүү жагы суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |