Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-декабры № 69
Көп кабаттуу турак жай имаратын куруу үчүн
жер тилкесин мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга
берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 24-беренесинин 1/1-пунктуна, 82-беренесинин 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, жер пайдалануу жана курулуш эрежелерине ылайык, Нарзан айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, айыл өкмөтү тарабынан даярдалган материалдарды карап чыгып жана талкуулап, Нарзан айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Муниципалдык менчикте турган жер тилкесин көп кабаттуу турак жай имаратын куруу үчүн 49 жылдык мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин. Жер тилкеси Беловодское айылында, Кыргызстандын 50 жылдыгы көчөсү № 76 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 2146,0 чарчы метр. Код ЕНИ 7-06-04-0005-1437
2.Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысына токтомду жана бекитүү актысын даярдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 25-беренесине ылайык тиешелүү документтерди жергиликтүү каттоо органында каттоодон өткөрүү милдеттендирилсин.
3.Нарзан айылдык кенешинин жооптуу катчысына бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоого жөнөтүү милдети жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э. Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а. | А.Т. Урманбетов |