ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХХI-сессиясы
2023-жылдын 27-ноябрындагы № 93
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Пайзабад айылынын тургуну Мадаминжанов Мурадилжан Мадаминжановичтин жазган арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу” (тарнсформациялоо) жөнүндө мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Пайзабад айылынын тургуну Мадаминжанов Мурадилжан Мадаминжановичтин турак жай ээлеген жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүп коммерциялык дүкөн куруу максатында жазган арызын угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Пайзабад айылындагы Мадаминжанов Мурадилжан Мадаминжановичтин турак жай ээлеген 500 чарчы метр жер аянтынын мамлекеттик актысынын сериясы Ч№1212303 идентификациялык коду 5-06-03-1004-0694 сандуу жер тилкесин пайдалануу багытын калкты тейлөө үчүн коммерциялык дүкөн курууга макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн жердин иш кагаздарын толуктоо жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |