Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) V отуруму
2025-жылдын 25-июну № 21
Өзгөн РИИБнын карамагына эски жайкы кинотеатр ээлеген жер аянтын мөөнөтсүз пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Куршаб айыл өкмөтүнүн 19-майындагы №122 катынын негизинде Куршаб айыл аймагында кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдук коопсуздукту сактоо максатында милиция кызматкерлерине заманбап Куршаб айылдык милиция бөлүмчөсүн куруу үчүн муниципалдык менчикте турган эски жайкы кинотеатр ээлеген жер аянтын Өзгөн РИИБна мөөнөтсүз пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү маселесин Куршаб айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары алдын ала карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңешинин V отуруму токтом кылат:
1. Куршаб айылдык милиция бөлүмчөсүн куруу үчүн муниципалдык менчикте турган эски жайкы кинотеатр ээлеген 1194,0 чарчы метр жер аянтын Өзгөн РИИБна мөөнөтсүз пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлдө жагы Куршаб айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
| Атчабаров Н. |