Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) VI отуруму
2025-жылдын 5-сентябры № 25
Сунушталган долбоорлорго макулдук берүү жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-2026-жылдарга карата бекитилген социалдык-экономикалык планын аткарууга алуу үчүн Өзгөн райондук жана Ош облустук өнүктүрүү фонддорунун дем берүүчү гранттарына долбоорлорду сунуштоого макулдук берүү жөнүндөгү маселесин финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы, алдын ала карап, Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) VI кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Ош облустук өнүктүрүү фондуна жана Өзгөн өнүктүрүү фондуна сунуштоого төмөнкү тармактарга макулдук берилсин:
- Таиров көчөсүнө 1000метр аралыка асфальт басууга
- А. Карыбеков көчөсүнүн 1200метр аралыгын асфальтоого
- А. Шерматов көчөсүнүн 500метр аралыгын асфальтоого
- Манас көчөсүнүн 300метр аралыгын асфальтоого (2026-жылда каржылоосу каралсын)
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| Атчабаров Н. |