Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) VI отуруму
2025-жылдын 5-сентябры № 26
Куршаб айылдык кеңешинин 2020-жыл 24-августундагы №177 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктуна ылайык Куршаб айылдык кеңешинин 2020-жыл 24-августундагы №177 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө маселесин Куршаб айыл өкмөтүнүн сунуш катынын жана Куршаб айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, регламент, этика, мандат боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Куршаб айылдык кенешинин(сегизинчи шайланган) VI кезектүү отуруму талкуулап, карап чыгып токтом кылат:
1. Куршаб айылдык кеңешинин “Ы.Бектемиров атындагы орто мектебинин базарга жакын тарабынан 2056,0 чарчы метр жер тилкесине автоунаа токтоочу жай катарында пайдалануу боюнча” макулдук берилген 2020-жылдын 24-августундагы №177 санду токтому өз убагында аткарууга алынбай автоунаа токтоочу жай уюштурулбагандыгына байланыштуу жокко чыгарылсын.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Куршаб айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, регламент, этика, мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Атчабаров Н. |