Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) VI отуруму
2025-жылдын 5-сентябры № 27
Куршаб айыл аймагындагы кафе, ресторандарда өткөрүлүүчү массалык салтанаттуу аземдерди өткөрүү убактысына чектөө киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” мыйзамынын жана КР Президентинин 2022-жылдын 22-февралындагы №54 Жарлыгынын талаптарын ишке ашыруу максатында Куршаб айыл аймагындагы калктын тынчтыгын бейпилдигин камсыз кылуу максатында кафе, ресторандарда өткөрүлүүчү массалык салтанаттуу (той, маараке ж.б) аземдерди өткөрүү убактысына чектөө киргизүү жөнүндө маселесин Куршаб айылдык кенешинин(сегизинчи шайланган) VI кезектүү отуруму талкуулап, карап чыгып токтом кылат:
1. Куршаб айыл аймагындагы калктын тынчтыгын, бейпилдигин камсыз кылуу максатында кафе, ресторандарда өткөрүлүүчү массалык салтанаттуу (той, маараке ж.б) аземдерди өткөрүү убактысы 18:00дө башталып 22:00дөн кечикпей аяктоого чектөө киргизилсин.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте аткарууга алуу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Куршаб айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, регламент, этика, мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Атчабаров Н. |