Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) VII отуруму
2025-жылдын 14-октябры № 28
IV Элдик Курултайды уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 «IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына жана Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1 чечимине ылайык Куршаб айыл аймагында “IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу иштерин жүргүзүү жөнүндө” маселени Куршаб айылдык кеңеши (сегизинчи шайланган ) VII кезектүү отурумунда карап, талкуулап чыгып токтом кылат:
1. Куршаб айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өкүлдөрүнүн жалпы саны 100 адамга бекитилсин жана калктын санына жараша төмөнкү бөлүктөргө бөлүнсүн: Куршаб 1-айылынан - 22, Куршаб 2-айылынан 23, Куршаб 3-айылынан 20, Куршаб 4-айылынан 20, Шагым айылынан 10 , Эрдик айылынан 5 өкүлчүлүгү ченемге ылайык бекитилсин.
2. Куршаб айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү графиги жана аны өткөрүү боюнча жоопту адамдар тиркеме ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
3. Куршаб айыл аймагында IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу иштерин жүргүзүү боюнча жумушчу топтун курамы төмөндөгүлөрдөн бекитилсин:
1. Атчабаров Нурсултан- Куршаб айылдык кеңештин төрагасы
2. Сазанов Мамыр- айыл өкмөттүн башкы адиси
3. Түркбаев Үрүбай- айыл өкмөттүн адиси
4. Жеенбаев Максат - айыл өкмөттүн адиси
5. Шерматов Улук- айыл өкмөттүн адиси
6. Жолдошова Салима –айыл өкмөт адиси
7. Топоев Абдилла- айыл өкмөттүн адиси
8. Абдыразакова Патма-айыл өкмөттүн киреше бөлүмүнүн адиси
9. Жумаев Байыш - депутат
10. Алимжан уулу Майсал-депутат
11. Бекатов Шайр -депутат
12. Суранбаев Айбек- депутат
13. Токтобаев Айбек- Айылдык кеңештин жоопту катчысы
4. Ушул токтомдун аткаруу жагы IV Элдик Курултайды уюштуруу боюнча жумушчу топко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Атчабаров Н. |
Куршаб айылдык кеңешинин 14.10.2025-жылдагы №28 токтому менен бекитилген тиркемеси
Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу айылдарында IV Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жергиликтүү коомдоштуктун жыйындардын графиги
№ | Айылдын аталышы | Датасы | Өткөрүлө турган жери | Жоопту адамдар |
1.Куршаб айылдык аймагы | ||||
1 | Куршаб 1-айыл 22 делегат
| 2025-жылдын 20-октябры 14:00 | Куршаб а, Бектемиров орто мектеби | Топоев А, Сазанов М, Суранбаев А |
2 | Куршаб 2-айыл 23 делегат
| 2025-жылдын 21-октябры 14:00 | Куршаб а, Ленин №5 орто мектеби | Жолдошова С, Талипов К, Жэээнбаева А |
3 | Куршаб 3-айыл 20 делегат
| 2025-жылдын 21-октябры 16:00 | Куршаб а, Токтогул орто мектеби. | Шерматов У, Төрөгельдиев У, Алимжан уулу М |
4 | Куршаб 4-айыл 20 делегат
| 2025-жылдын 22-октябры 10:00, 12:00
| Куршаб а, Маданият үйү | Шерматов У, Абдыразакова П, Турдубаев М |
5 | Шагым айылы 10 делегат
| 2025-жылдын 23-октябры 12:00 | Шагым а, Эрматов орто мектеби. | Жеенбаев М, Аширов Б, Муратова З, |
6 | Эрдик айылы 5 делегат
| 2025-жылдын 23-октябры 16:00 | Эрдик а, Эгемжаров орто мектеби | Туркбаев У, Машрапов У, |
|
| |||