Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) VII отуруму
2025-жылдын 14-октябры № 29
«Куршаб айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 02-июндагы №243 токтому менен бекитилген жобонун негизинде Куршаб айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө маселесин, Куршаб айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, ветеринария, жайыт, турак жай, жер, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат: :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 02-июндагы №243 токтому менен бекитилген жобонун негизинде Куршаб айыл аймагындагы Айыл чарба багытындагы жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн аукционго коюлсун жана аукцион өткөрүүнүн шарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Куршаб айыл аймагындагы Айыл чарба багытындагы жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери аукцион өткөрүү жагы Куршаб айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн Жер комиссиясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдын аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, ветеринария, жайыт, турак жай, жер, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Атчабаров Н. |
Куршаб айылдык кеңешинин 14.10.2025-жылдагы №29 токтому менен бекитилген тиркемеси
Жер комиссиясынын чечими менен Куршаб айылдык кеңешинин сессиясына сунушталган Куршаб айыл аймагындагы АЧЖМФ жерлерин ижарага берүүнүн шарттары:
Куршаб айыл аймагындагы АЧЖМФ ижарага берүүлүчү жерлери:
Сугат айдоо 111,99га - 111лот
Кайрак айдоо 311,5га 135лот
Чөп чабынды 41га 14лот
- Cуугат айдоо лоттору - баштапкы баасы
№1-айыл суугат айдоо - баштапкы баасы 3500сом, арымы -500сом
№2 айыл суугат Гулистан участкасы- баштапкы 3000сом, арымы 500 сом
-Кайрак айдоо - 1га 500сом, арымы 100сом
-Чөп ормо - 1 га 250сом, арымы 50сом
Ижара төлөмү - 6 айга 50 пайыз, 11 айдын жыйынтыгында толук төлөм жүргүзүлсүн.
Кепилдик суммасы ар бир лотко:
Cуугат айдоо 1лотко - 500 сом
-Кайрак айдоо -200 сом
-Чөп ормо -100сом деп белгиленсин.
Аукцион өткөрүү күнү 18-ноябрь 2025-жыл деп белгиленсин.