Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) VII отуруму
2025-жылдын 14-октябры № 31
Куршаб айыл өкмөтү тарабынан даярдалган долбоорлорду фонддорго сунуштоого макулдук берүү жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтү тарабынан даярдалган долбоорлорду фонддорго сунуштоого макулдук берүү жөнүндө маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) VII сессиясында күн тартибиндеги маселе катары карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Куршаб айыл өкмөтү тарабынан даярдалган төмөнкү долбоорлорду облустук өнүктүрүү жана башка фонддорго сунуштоого макулдук берилсин:
- А.Камчыбеков көчөсүнө Ленин 5 орто мектебинен К.Парпиев көчө кесилишине чейин эки катмарлуу жарыктандыруу – 800 000 сом.
- Алтын ачкыч балдар бакчасына кошумча жылытуу системасын жаңылоо ремонту – 700 000 сом.
- Токтогул орто мектебинин жылытуу системасын жаңылоо ремонту – 500 000 сом.
-К.Бекмурзаев жана А.Камчыбеков көчө кесилиши базар айлансындагы жарнамалык тактага ЛЭД экран орнотуу- 148 6000сом.
-2026-жыл эсебинен Өзгөн өнүктүрүү фонду каржылоо “Куршаб Өнүгүү” ишканасына жаңы 16 куб ХОВО техникасын сатып алуу- 3800 000сом.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Атчабаров Н. |