Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-августу №51
Тигүү фабриканы айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-статьясынын 5-пунктуна жана «Муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-статьясына ылайык, айыл өкмөт жер мамелелери боюнча башкы адис Ашимов Б.Дж.маалыматын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Чүй облусунун, Панфилов районунун, Чалдовар айылынын, Ленин көчөсүнүн №271 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 21300 м² болгон, Тигүү фабрикасы айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т. Ашыкеевге жүктөлсүн.
Төрага | Дюшалиев М.К. |