Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 30-декабры № 450
Спортчуларды натыйжалуу даярдоону, жогорку спорттук натыйжаларга жетишүүнү камсыз кылуу максатында, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте 2026–2027-жылдарга спортчулар үчүн окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү жана допингге каршы чараларды камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга мамлекеттик заказдын берүүчүлөрүн аныктоо жөнүндө тиешелүү чечимди даярдасын.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |