Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-декабры №01-3/71
Максаттуу трансферттерди
бөлүштүрүү жөнүндө
Москва финансы башкармалыгынын 2025-жылдын 10-декабрындагы №9-01-8/718 “Республикалык бюджеттен субсидия бөлүү жөнүндө” катынын негизинде "Нарзан жылуулук" МИсына 11 161 700 сом өлчөмүндө акча каражаты каралганын, Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысынын жана СЭОБ башчысынын кайрылуусун угуп жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү маселесин талкуулап сессия,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 11 161 700 сом суммасында республикалык бюджеттен субсидия түрүндө келип түшкөн акча каражаттарын "Нарзан Жылуулук" муниципалдык ишканасына 70624 "ККП" бөлүмү 25111100, ЛС 4403071251026380 беренеси боюнча берүүчүлөрдүн алдындагы кредитордук карыздарды жоюу үчүн каражаттарды багыттоо бекитилсин.
2. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдердин чегинде иш алып барсын.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүп, аны Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн каттоого тапшырсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а. | А.Т. Урманбетов |