Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 2-сентябры № 53
Токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 5-пунктуна таянып, айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 07-декабрындагы № 5 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаты Мурзанбетов Акжол Абдашимович өз калоосу менен депутаттык мандатын тапшыргандыгына жана 2025-жылдын 15-августундагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 60 токтомунун 3-тиркемесинин негизинде Мурзакаримов Баяс Камчыбекович жергиликтүү кеңештин депутатыгына бекитилип келгендигине байланыштуу, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1. Мурзанбетов Акжол Абдашимович Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент, (каада салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагалыгынан чыгарылсын.
2. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент, (каада салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымдыгына Султанова Умида Жакшыбековна шайланды деп эсептелсин.
3. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент, (каада салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлүгүнө Мурзакаримов Баяс Камчыбекович киргизилсин.
4. .Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Айбашевге бул токтомду жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына (У. Султановага) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |