Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 2-сентябры № 54
Талаа участкасындагы темир бетонду (латок) айыл өкмөтүнүн баланстык эсебине алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 78-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине таянып, айылдык кеңешинин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Талаа участкасындагы темир бетонду (латок) эсептөөчүнүн (оценщик) балоосунун негизинде 14 508 358,00 (он төрт миллион беш жүз сегиз миң үч жүз элүү сегиз) сомду Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн баланстык эсебине алууга макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1. Талаа участкасындагы темир бетонду (латок) эсептөөчүнүн (оценщик) балоосунун негизинде 14 508 358,00 (он төрт миллион беш жүз сегиз миң үч жүз элүү сегиз) сомду Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн баланстык эсебине алууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Айбашевге бул токтомду жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына ( Б. Усеновго) жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |