Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 2-сентябры № 57
Кемпир-Абад фондунан келген акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине жана айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин 2-пунктунун 2-пункутчасына таянып, айылдык кеңешинин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун 2025-жылга Кемпир- Абад фондунан каралуучу 12 000 000 (он эки миллион) сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү сунушун угуп, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1. 2025-жылга Кемпир-Абад фондунан каралуучу 12 000 000 (он эки миллион) сом акча каражатын бөлүштүрүү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Айбашевге бул токтомду жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына ( Б. Усеновго) жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |
Тиркеме:
2025 жылдын Кемпир Абад фондунан каралуучу 12 000 000 (он эки миллион) сом акча каражатын төмөнкү аракеттерге бөлүштүрүү
Аталышы | Сметалык баасы |
1.Алга айылына тротуар куруу жалпы узундугу 1км |
3437524 |
2.Бишкек-Ош жолунун Лесхоз айыл аймагындагы участкасын жарыктандыруу |
2377919 |
3.Эски Покровка айылындагы О.Акматов жана М. Ташматов көчөлөрүнө 1 км асфальт төшөө |
3357500 |
4.Кызыл Октябрь айылынын Ж.Мамасадыкова көчөсүн асфальттоо |
2827048 |
Жалпы сумма | 12 000 000 |
Төрага К. С. Мусаев