Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 2-сентябры № 60
Айыл өкмөтүнүн жылдын жарым жылдыгында (6-ай) аткарган иштери жана айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бекитилген бюджетен ички бөлүмдөр арасында өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине жана айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин 2-пунктунун 2-6-пункутчаларына таянып, айылдык кеңешинин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун айыл өкмөтүнүн жылдын жарым жылдыгында (6-ай) аткарган иштеринин жыйынтыктарын угуп жана айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бекитилген бюджетен ички бөлүмдөр арасында 2 100 (эки миллион жүз) сом акча каражаттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун айыл өкмөтүнүн жылдын жарым жылдыгында (6-ай) аткарган иштери эскертүү менен кабыл алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн акча каражаттарын ички бөлүмдөр арасында 2 100 (эки миллион жүз) сом акча каражаттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын атайын акча каражаттары 2218-беренесинин эсебине 800,0 (сегиз жүз миң) сомго кошумча план алууга макулдук берилсин.
4. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Айбашевге бул токтомду жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына ( Б. Усеновго) жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |
Тиркеме:
Бөлүм | Глава | Параграф | Берене | Өзгөрүү суммасы | Анын ичинен квартал боюнча | ||||
+ | - | 1 кв | 2 кв | 3 кв | 4 кв | ||||
ЖКХ | 92320 | 70629 | 3111 |
| -2100,0 |
|
|
| |
ЖКХ | 92320 | 70629 | 2221 |
|
|
|
| 800,0 |
|
ЖКХ | 92320 | 70629 | 2215 |
|
|
|
| 1300,0 |
|
Жалпы |
|
|
|
| -2100,0 |
|
| 2100,0 |
|
Төрага К. С. Мусаев