Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14 - июлу, № 5/1
Ылай-Талаа айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын жана калкты электр жана жылуулук энергиясы, отун ресурстары менен камсыз кылуу 2025/2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинен өтүүгө өз убагында даярдоодо Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевдин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 5-главасынын 50-“Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү” беренесине ылайык айыл аймагындагы мекеме-уюмдардынжана калкты электр жана жылуулук энергиясы, отун ресурстары менен камсыз кылуу 2025/2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинен өтүүгө өз убагында даярдоо тууралуу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы мекеме-уюмдардынжана калкты электр жана жылуулук энергиясы, отун ресурстары менен камсыз кылуу 2025/2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинен өтүүгө өз убагында даярдоо боюнча Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге:
-2025-жылдын 18-июлуна чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте бюджеттик уюмдар үчүн отунду мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча чараларды, аны жеткирүүгө келишимдерди түзсүн;
- отун-энергетикалык ресурстарды керектөөдө чыгымдарды азайтуу максатында энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу саясатын ишке ашыруу боюнча туруктуу негизде чараларды көрүп турсун;
- отун базаларындагы жана калк үчүн көмүр сатуучу пункттардагы көмүрдүн баасына байкоо жүргүзүп турсун;
- отун базаларындагы жана калк үчүн көмүр сатуучу пункттардагы көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол берилбесин жана көмүрдүн баасы кымбаттаган учурда жергиликтүү мамлекеттик администрацияга мыйзамдарда белгиленген тартипте бааны турукташтыруу боюнча сунуш киргизсин;
-ар бир мекеме-уюмга электр энергиясын керектөөнүн жана кубаттуулуктун лимиттерин жеткирсин жана электр энергиясын жана кубаттуулуктарды керектөө боюнча белгиленген лимиттерди сөзсүз сактоо үчүн контролдоону камсыз кылсын жана чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы С.Дыйканов) тапшырылсын.
Төрага | А.Мойдунов |