Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14 - июлу, № 5/2
Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетинин 2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 5-главасынын 50-“Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү” беренесине жана ушул эле мыйзамдын 51- “Айыл өкмөтүнүн компетенциясы” беренесинин 1-пунктуна, айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетинин 2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошованын маалыматын, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетинин 2025-жылдын алты айынын жыйынтыгында киреше бөлүгү 24 690,9миң сомго, чыгаша бөлүгү 20 663,4 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
(№ 1 жана № 2 тиркемелер тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын.
Төрага | А.Мойдунов |