Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14 - июлу, № 5/4
Айыл аймагынын Сары-Таш айылындагы Т.Назаров атындагы толук эмес орто мектебинде башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыздалышына шарт түзүү максатында ишке ашырыла турган БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагындагы пилоттук долбоордун айыл өкмөтү тарабынан аткарыла турган жумуштардын сметасын бекитип бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2 –пунктуна жана Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык 2025-жылга бекитилген бюджетке толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Жолдошованын маалыматын, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын Сары-Таш айылындагы Т.Назаров атындагы толук эмес орто мектебинде башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыздалышына шарт түзүү максатында ишке ашырыла турган БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагындагы пилоттук долбоордун айыл өкмөтү тарабынанаткарыла турган жумуштарына Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган бюджетинин эсебинен кошумча 802 390 (сегиз жүз эки миң үч жүз токсон) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошовага милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын.
Төрага | А.Мойдунов |