Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14 - июлу, № 5/5
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Кызмат), Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти 2024-жылдын 12-декабрындагы чыгуу №28158 каты аркылуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө 2022-жылы түзүлгөн Келишимдердин негизинде жүргүзүлгөн мамлекеттик кызматтар, 2025- жылдын 1-январынан тартып убактылуу токтотулган. Кызмат, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына ылайык, республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жаңыдан Келишим түзүп, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү максатында Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Кызмат, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына ылайык иш-аракеттерди жандандырууда айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча төмөндөгү 6 иш Регламенти аткарууга алуу боюнча бекитилсин.
- Регламентке 1- тиркеме: Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун, Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле аларды берүү боюнча жол-жобосу;
- Регламентке 2-тиркеме: Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо жана каттоолук эсептен чыгаруу жол-жобосу;
- Регламентке 3-тиркеме: Туулгандыгын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөргө документтерди кабыл алуу жана аларды берүү жол-жобосу;
- Регламентке 4-тиркеме: Никелешүүнү мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөргө документтерди кабыл алуу жана аларды берүү жолжобосу;
- Регламентке 5-тиркеме: Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөргө документтерди кабыл алуу жана аларды берүү жолжобосу;
- Регламентке 6-тиркеме: Баланын туулгандыгын каттоодо “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн дайындоо жөнүндө арыздарды тариздөө жол-жобосу боюнча.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешини мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы О.Абдимажит уулу) тапшырылсын.
Төрага | А.Мойдунов |