Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 9-отуруму
2025-жылдын 01-июлу № 9/1
Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө максаттуу трансферт болуп келип түшкөн 4 037,2 миң сом акча каражатын Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ички ремонт иштери үчүн жана Курманжан датка сейил багындагы балдар аянтчасы үчүн 2025-жылдын бекитилген сметасынын такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 9-отуруму, айыл өкмөт башчысы Н.Э.Тажибаевдин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгилеген тартипте: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу болгон мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин имараттарын оңдоо иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле балдар аянтчасын заманбап оюн аттракциондору менен жабдуу үчүн келип түшкөн 4 037, 240 сом өлчөмүндөгү максаттуу трансферт боюнча маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 6-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин” 55/3-беренесине ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын киреше бөлүгүнө республикадан кошумча берилген максаттуу трансфертти планга киргизип тактоо жагы каралсын.
К/н | Берененин аталышы | берене | бардыгы | 3- квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
1 | Максаттуу трансферт | 13321200 | 4 037,2 | 4 037,2 |
|
| Баардыгы |
| 4 037,2 | 4 037,2 |
|
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн сметасынын төмөндөгү беренелеринин такталган планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Берененин аталышы | берене | бардыгы | 3-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | |||||
704 | Экономикалык суроолор | Курулмалар | 3111 | 1500,0 | 1500 |
|
706 | Бала бакча |
Ички ремонт | 222100 | 2 537,2 | 2537,2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Баардыгы |
| 4 037,2 | 4 037,2 |
|
2.Жогорудагы акча каражатын 2025-жылга бекитилген сметанын планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |