Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 9-отуруму
2025-жылдын 01-июлу № 9/2
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2025-жылга карата бекитилген сметасындагы кээ бир салыктык жана салыктык эмес кирешелердин түрүнүн планынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 9-отуруму, айыл өкмөт башчысы Н.Э.Тажибаевдин Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга карата бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 115-беренесине ылайык, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2025-жылга бекитилген сметасындагы кээ бир салыктык жана салыктык эмес кирешелердин түрүнүн планынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
к/№ | Берененин аталышы | берене | бардыгы | 3-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
2 | Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы (атайын каражат) |
14 233 400 | 5759,9 | 5759,9 |
|
| жалпы |
| 5729,9 | 5729,9 |
|
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн2025-жылдын бекитилген сметасынын төмөндөгү беренелердин планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
бөлүм | Берененин аталышы | берене | бардыгы | 3-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
2 | Бала-бакча (атайын каражат) | 2218 | 5759,9 | 5759,0 |
|
| жалпы |
| 5729,9 | 5729,9 |
|
3. Жогорудагы акча каражатын 2025-жылдын бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаев жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Каныбек кызына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |