Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 9-отуруму
2025-жылдын 01-июлу № 9/3
Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндө бекитилген сметанын үнөмдөлгөн беренелерден зарыл болгон кээ бир беренелерге жылдыруу жана тактоо жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 9-отуруму, айыл өкмөт башчы Н.Э.Тажибаевдин жогорудагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндө бекитилген сметасынын үнөмдөлгөн беренелерден зарыл болгон кээ бир беренелерге жылдыруу жана тактоо жагы каралсын.
2. Жогорудагы акча каражатын 2025-жылдын бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаев жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу коммисиясына жүктөлсүн.
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||