Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 9-отуруму
2025-жылдын 01-июлу № 9/4
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын тургуну, Социалдык Эмгектин Баатыры, маркум Рыспай Жапышевдин эстелигин Гүлчө айылынын Алымбек датка сейил багына орнотуу боюнча Н.Тажибаевдин сунушу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 9-отуруму, Гүлчө айыл өкмөт башчысы Н.Э.Тажибаевдин Социалдык Эмгектин Баатыры, маркум Рыспай Жапышевдин, мамлекетибидин өсүп-өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн жана эли үчүн жасаган эмгеги жөнундө баяндамасын угуп, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын тургуну, Социалдык Эмгектин Баатыры, маркум Рыспай Жапышевдин эстелигин Гүлчө айылынын Алымбек датка сейил багына орнотуу үчүн , аянты 4,0 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р. Какаровго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик, жол жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |