Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 9-отуруму
2025-жылдын 01-июлу № 9/5
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министрлигине караштуу Алай токой чарбасынын директору Н.Кошбаевдин Сары-Ой жайлоосунун кире беришине электрондук шлагбаум орнотуу сураныч каты жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 9-отуруму, Гүлчө токойчулугунун башчысы Абдрахманов Таалайбектин мамлекеттик токой фондусунун жерлерин, эс алуучу жайлардын мамлекеттик деңгээлде көп ачылып кеткендигине байланыштуу, тиешелүү жылгаларга, токой аймактарга кам көрүү үчүн Сары-Ой жайлоосунун кире беришине электрондук шлагбаум орнотуу боюнча билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1- 17-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын талабына ылайык,Алай райондук токой ресурсун коргоо, тазалыкты сактоо жана элдин коопсуздугуна кам көрүү максатында, Сары-Ой жайлоосунун кире беришине, аянты 10,0 чарчы метр жер тилкесине убактылуу электрондук шлагбаум орнотууга Гүлчө айылдык кеңеши тарабынан макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап, Гүлчө айыл өкмөтү менен чогуу иш-алып баруу жагы Алай токой чарбасынын директору Н.Кошбаевге сунушталсын жана Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |