Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 9-отуруму
2025-жылдын 01-июлу № 9/6
«Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифин бекитүү боюнча 2025-жылдын 13-февралында чыккан №5/2 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 9-отуруму, «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифин бекитүү боюнча 2025-жылдын 13-февралындагы 5-отурумунун № 5/2 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27- беренесинин 2-11-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын автомашиналарынын турмуш тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуп, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн көрсөткөн кызмат-акысы келишимдин негизинде төмөндөгүдөй тарифте бекитилип берилсин:
1. Портер автомашинасынын кызмат көрсөтүү акысы ар бир рейси - 1200 сом
2. МАЗ автомашинасы(суу ташуучу 8 тонналык) ар бир рейсине - 3 200 сом
3. Мерс-418 автоунаасынын ар бир рейсине – 2 100 сом
4. Автовышка автоунаасына саатына - 1 630 сом
Погрузчик автотехникасынын көрсөткөн кызмат-акысы бир саатына :
5.Гүлчө айыл аймагы үчүн - 2615 сом
6. Башка айыл өкмөттөргө жана мамлекеттик ишканалар үчүн, саатына - 3 000 с.
7. Жеке менчик фирмаларга – 3 500 сом
8. МТЗ-эксковаторуна саатына -1 366 сом
9. ХОВО (40 ножки) автоунаалары үчүн ар бир рейсине - 4 000 сом
10. – ГАЗ-53 АЦ автоунаасынын ар бир рейси - 3 500 сом болуп белгиленсин.
2. мекеме-ишканалардын, жеке менчик, коммерциялык уюмдардан (юридикалык жактар үчүн) таштанды ташып чыгаруу үчүн бир айга болгон төлөм тарифи:
- 50 м2 ка чейинки аянттагы дүкөндөр , киоскалар, чачтарачканалар ж.б.у.с ишканалары үчүн бир айда - 300 сом
- 50 м2 ка чейинки тамак-аш менен алектенүүчү жайлар – 500сом
-50м2 тан 100 м2 га чейинки дүкөндөр, киоск, чачтарачканалар, аптекалар, вулканизациялар ж.бу.с жайлар үчүн бир айда - 700 сом
- 50 м 2 тан 100 м2 чейинки тамак-аш даярдоочу жайлар, ж.б.у.с жеке менчик ишканалар бир айга - 1000 сом
-100м 2 тан жогорку азык-түлүк, кийим-кече, чарба товарлары, курулуш материалдары жана үй-тиричилик техникалары сатылуучу дүкөндөрү үчүн бир айга – 1000 сом
- Гүлчө айыл аймагында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме-ишканалардагы таштандыларды чыгаруу үчүн, ар бир кызматкерге, айына тариф 40 сомдон болуп бекитилсин.
- мончолорго, машина жана килем жуучу жайларга, машина оңдоочу устаканаларга - келишимдин негизинде
3. Аянты чоң ишканалар (юридикалык жактар үчүн) таштанды көп чыгаруучу ишканалар үчүн :
- Базар, «Элиме», «Чолпон» кафеси, «Абдибаит» кафеси, «Бообек» кафе, «Абдибаит» кафе-ресторан, «Ай-Көкүл» рестораны, «Ак Бата Гранд» рестораны жана башка ишканалар, жеке менчик ишканалардагы таштандыларды алып чыгуу күндөрүн эсептөө менен келишим түзүү жана тарифти – 4000 сомго чейинки өлчөмдө бекитүү
4. Таштанды таштоочу жайга (полигонго) таштанды төгүү үчүн автоунаалардын таштанды таштоолору боюнча тарифтер:
- ХОВО, Шахман автоунаалары үчүн ар бир рейси - 800 сом
-Камаз автоунаалары үчүн ар бир рейси – 600 сом
-ЗиЛ,Мерседестер үчүн ар бир рейси -500 сом
-Портер автоунаалары үчүн – 300 сом
- Лабо, Муравей унаалары үчүн - 200 сом
-жеке менчик жеңил автоунаалары үчүн – 100 сом
- Автоцистерна үчүн:
- Камаз автоунаасынын ар бир рейсине - 800 сом
- ЗиЛ, Газ-53 автоунаалары үчүн ар бир рейси -500 сом
5. Абоненттерден турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн адам башына – 40 сомдон болуп бекитилсин.
- Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын I жана I I - топтогу майыптыгы бар Гүлчө айыл аймагынын тургундарына, 70 жаштан жогорку ардагерлерге, Ооган согушунун ардагерлерине жана Чернобылчыларга 50 % жеңилдик каралсын.
- Бир кожолукта жети жан болсо, алты жанга төлөм төлөнөт жана жетинчи жандан тартып жогоркусу төлөмдөн бошотулат
- Ичүүчү Таза-Суу үчүн тарифтер:
- Абоненттер үчүн ичүүчү Таза-Сууга адам башына - 25 сом
Суу эсептегичи бар абоненттерге , айына 1 куб үчүн – 50 сом
- Короосундагы кудуктан суу пайдалануучулар үчүн адам башына - 25 сом
Мекеме-ишканалар үчүн:
1. Банктар айына - 600 сом
2. Кафелер айына -500 сомдон 1000 сомго чейин
3. Ресторандар айына – 1500 сом
4. Мончолорго (аянтын эсепке алуу менен келишимдин негизинде) айына - 1000,0 миң сомдон 2000,0 сомго чейин
5. Май куюучу жайлардан(заправка) айына – 2000 сом
6. Машина жана килем жуучу жайлар - 2000 миң сомдон 3000 миң сомго чейин, келишимдин негизинде
7. Райондук борбордук ооруканасы айына – келишимдин негизинде
8. Тиш дарылоочу ишканаларга – 500 сомдон 1000 сомго чейин
9. Мектеп-интернат айына келишимдин негизинде
10. Мектеп-балдар бакчалары, ж.б ишканалар келишимдин негизинде
11. Жер астынан казылып алынган (кудуктан) сууну пайдалануучуларга дагы ушул тарифтер тиешелүү болуп бекитилсин.
12. Бассейндер – келишимдин негизинде