Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 9-отуруму
2025-жылдын 01-июлу № 9/7
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Будалык аймагынын Кара-Суу айылынын жашоочуларынын өтүнүчү боюнча мечит куруу үчүн кеңеш тарабынан макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 9-отуруму, айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровдун, Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги, аянты 400,0 чарчы метр болгон жер тилкесине айыл элинин өтүнүчү боюнча намаз окуу үчүн мечит куруу жөнүндө билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-5-пунктуна ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Будалык аймагынын Кара-Суу айылындагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги, аянты 400,0 чарчы метр жер тилкесине айыл тургундары үчүн мечит курууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Тиешелүү юридикалык документин даярдап берүү жагы Алай архитектура жана шаар куруу башкармалыгына ошондой эле жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалына сунушталсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |