Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 9-отуруму
2025-жылдын 01-июлу № 9/8
Гүлчө айылынын К.Султанбеков көчөсүндө жайгашкан суу кампасынын ордун, мүлкү менен муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 9-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин, Гүлчө айылынын К.Султанбеков көчөсүндө жайгашкан суу кампасына караштуу жер тилкесине 5-01-04-1003-0720-сандуу идентификациялык сыр белгиси берилип, кадастрдык чиймеси чийилип, бирок 2004-жылы жалпы (системалык) каттоо жүргөн мезгилде укук катталбай, токтом чыкпай, муниципалдык менчикке кабыл алынбай калган маселе жөнүндө билдирүүсүн угуп, 2022-жылдын 17-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Жерге укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, ошондой эле Жерге жайгаштыруу жана укукту мамлекеттик каттоо боюнча Алай райондук башкармалыгынын кадастрдык чиймелерин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын К.Султанбеков көчөсүндө жайгашкан суу кампасына караштуу жер тилкесинин 5-01-04-1003-0720-сандуу идентификациялык сыр белгидеги суу кампасынын орду, мүлкү менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2.Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап, иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Юридикалык иш-кагаздарын тактап, даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалына сунушталсын.
4.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |