Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 9-отуруму
2025-жылдын 01-июлу № 9/9
Гүлчө айылынын тургуну Дооранова Райкандын, Нарматов көчөсүнүн №78/1-үйүнүн тамарка багытындагы жер тилкесинин максаттуу багытын соода-сатык дүкөнүн куруу үчүн өзгөртүп берүү арызы жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги депутаттарынын 9 - отуруму, жер маселеси боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы, депутат У.Тажибаевдин Р. Дооранованын тамарка багытындагы жер тилкесинин багытын соода-сатык дүкөнүн куруу үчүн өзгөртүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10. 2021-жылдагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү » Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17- пунктарынын негизинде Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүнүн №78-үйүнүн тургуну Дооранова Райкандын, Нарматов көчөсүнүн №78/1-үйүнун 5-01-04-1002-1056 сандуу идентификациялык сыр белгидеги аянты 154,0 чарчы метр болгон тамарка багытындагы жер тилкесинин максаттуу багыты соода-сатык дүкөнүн куруу үчүн өзгөртүлүп берилсин.
2. Тиешелүү юридикалык документтерди тактап, даярдап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалына сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |