Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 9-отуруму
2025-жылдын 01-июлу № 9/10
Гүлчө айылынын А.Каримов көчөсүнүн №28-үйүнүн тургуну Бекиев Жаныбектин турак жайына укугу катталбай калган менчик ээси аныкталбаган жер тилкесине кеңеш тарабынан менчик ээсин таануу боюнча токтом кабыл алып берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 9-отуруму, кеңештин агрардык жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Тажибаевдин А.Каримов көчөсүнүн №28-үйүнүн тургуну Бекиев Жаныбектин турак-жайына менчик ээсин таануу боюнча маселесин угуп, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 «Жерге укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктуна ылайык, Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын А.Каримов көчөсүнүн №28-үйүнүн тургуну Бекиев Жаныбектин турак жайына укугу катталбай калган менчик ээси аныкталбаган жер тилкесин 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 Кыргыз Республикасынын «Жерге укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, ошондой эле Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 47-отурумунун №47/2 токтомун жетекчиликке алуу менен, Гүлчө айыл аймагындагы калктуу конуштарда 2004-жылы мамлекеттик жалпы (системалык) каттоо жүргөн мезгилде укук катталбай калган кыймылсыз мүлк бирдиктерин мыйзамдаштыруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап, иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р. Какаровго милдеттендирилсин.
3.Тиешелүү юридикалык иш-кагаздарын тактап, даярдап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалына сунушталсын.
4.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик, жол жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |