Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 9-отуруму
2025-жылдын 01-июлу № 9/11
М.Абдыкапаров көчөсүнүн №38/1 дарегинде жайгашкан турак-жай курууга арналган жер тилкесинин максаттуу багытын социалдык объект курууга өзгөртүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 9-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Тажибаевдин «Ыйык Сулайман Тоо» фондусунун өкүлү Камалов Талант Исакбаевичтин М.Абдыкапаров көчөсүнүн №38/1 дарегинде жайгашкан турак-жай курууга арналган жер тилкесинин максаттуу багытын социалдык объект куруу үчүн өзгөртүү боюнча арызы жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктарынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын М.Абдыкапаров көчөсүнүн №38/1 дарегинде жайгашкан , аянты 1200,00 чарчы метр болгон турак жай курууга арналган жер тилкесинин максаттуу багытын «Ыйык Сулайман Тоо» фондусу тарабынан, “социалдык объект куруу үчүн” өзгөртүлүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |