Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-апрели №6-1
С.Юсупова айылдык кеңешинин аймагында 2025-жылдын жазгы талаа иштерине даярдык көрүү жана жүрүшү жөнүндө.
Күн тартибиндеги С.Юсупова айылдык кеңешинин аймагында 2025-жылдын жазгы талаа иштерине даярдык көрүү жана жүрүшү жөнүндөгү маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Шайымкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айылдык кеңешинин аймагында 2025-жылдын жазгы талаа иштерине даярдык көрүү жана жүрүшү боюнча айыл өкмөтү тарабынан аткарып жаткан иштери жөнүндөгү башкы адиси Б.Шайымкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. С.Юсупова айылдык кеңешинин аймагындагы дыйкан фермер чарбаларды сапаттуу үрөн, минералдык жер семирткичтер жана күйүүчү, майлоочу материалдар менен камсыз болушун, менчигинин түрүнө карабастан айыл чарба техникаларын жазгы талаа иштерине даярдоону уюштуруп, арык-каналдарды атайын техникалардын жардамы менен тазалоо, СПАлар тарабынан элди уюштуруп, элдин күчү менен ички арыктарды тазалоо, ремонттоо жана талаага алып баруучу жолдорду ирээтке келтирүү иштерин талап даражасында аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. 2025-жылда айыл чарба багытында дыйкан, фермер чарбаларга айыл чарба эгиндеринен жогору түшүм алуу үчүн агротехникалык эрежелерге толук көңүл буруп, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден асыроону, сугат суудан үнөмдүү пайдалануу ыкмаларын колдонууну уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерлерине жүктөлсүн.
4. Айыл чарба эгиндеринин вегетация мезгилинде сугат суудан үнөмдүү пайдалануу менен дыйкан, фермер чарбаларды сугат суу менен өз убагында камсыз кылуу жана шаалы эгиндерин аянтын кыскартуу боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Ак ниет-Араван” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.Нурдиновго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин Агрардык, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Шайымкуловго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |