Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-апрели №6-2
С.Юсупова айыл аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринде, окуу тарбия иштери жана мектеп окуучуларынын арасында зордук зомбулуктардын алдын алуу боюнча алып барып жаткан иштердин абалы жөнүндө.
С.Юсупова айыл аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринде окуу тарбия иштери жана мектеп окуучуларынын арасында зордук зомбулуктардын алдын алуу боюнча алып барып жаткан иштердин абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн коомдук саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча башкы адиси Х.Байназарованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринде окуу тарбия иштери жана мектеп окуучуларынын арасында зордук зомбулуктардын алдын алуу боюнча алып барылып жаткан иштеринин абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн коомдук саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча башкы адиси Х.Байназарованын маалыматы эске алынсын.
2. С.Юсупова айыл аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилди окутуу менен, мамлекеттик программаларда белгиленген иш чараларды аткаруу, жана инновациалык ыкмаларды колдонуу, окуучуларды ар тараптан гармониялык өнүктүрүү, патриоттуулукка жана мекенди сүйүүгө тарбиялоону колго алуу айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин директорлоруна тапшырылсын.
3. Предметтер боюнча мектеп окуучулары арасында өткөрүлүүчү райондук, облустук, республикалык олимпиадаларга окуучуларды катышуусун камсыз кылуу жана окуучуларды олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлешине жетиштирүү боюнча мектептердин мугалимдери бардык иш чараларды аткаруусу белгиленсин.
4. С.Юсупова айыл аймагындагы жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын жана үй-бүлөлүк зордук зомбулуктардын алдын алуу боюнча мындан ары да жаштар комитети, КААБ мүчөлөрү, жашы жетелектер менен иштөө инспекторлору, (ИДН) мектеп директорлору, соцпедагогтор, ата-энелер комитеттери менен биргеликте үзгүлтүксүз иштерди алып баруусу тапшырылсын.
5. Айыл аймагында тышкы миграцияда жүргөн ата-энелер такталып, балдары кимдин колунда калганы жана балдар кандай шартта жашап жатканы, билим алуусу боюнча кабар алуу жагы айыл өкмөтүнүн коомдук саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча адистеринин көзөмөлүнө алынсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин социалдык-маданий, укук-тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |