Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-апрели №6-3
С.Юсупова айылдык кеңешинин аймагында мөөнөттүү аскерге чакырууга жана аскерге чейинкилерди каттоого алууда алып барылып жаткан иштер жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн аскердик каттоо столунун инспектору С.Таштемированын мөөнөттүү аскерге чакырууга даярдык көрүү жана аскерге чейинкилерди каттоого алуу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айылдык кеңешинин аймагында мөөнөттүү аскерге чакырууга даярдык көрүү жана аскерге чейинкилерди каттоого алуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн аскердик каттоо столунун инспектору С.Таштемированын маалыматы эске алынсын.
2. 2025 -жылдын жайкы, күзгү аскерге чакырууну жогорку денгээлде уюштуруп, Араван райондук аскердик комиссариатынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде иш жүргүзүү менен айыл аймагында жашаган мөөнөттүү аскерге чакырылуучулардын тизмелерин тактоо, аскерге чакыруу мезгилинде аларды өз убагында келүүсүн камсыз кылуу жана алардын документтерин даярдоо айыл өкмөтүнүн аскердик каттоо столунун инспекторлоруна тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүндө каттоодо турган аскердик альтернативдик кызматта турган жарандарды, айыл аймагындагы коомдук иштерге жана жалпы Республикабызда белгиленген ишембиликтерге тартуу менен натыйжалуу иш аткаруусун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн аскердик каттоо столунун инспекторлоруна жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин социалдык-маданий жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн аскердик каттоо столунун инспектору С.Таштемировага жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |