Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 6- сессиясы
ТОКТОМ
29.05.2025 № 3
Пахта-Дөбө айылы
Араван районунун Достук айыл өкмөтүнүн 2024-жыл 2-квартал ичинде бекитилген бюджетнин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Достук айыл өкмөтү тарабынан даярдалып, айыл өкмөтүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн 2025-жылга индикативдик божомолуна кошумча өзгөртүүлөр даярдалып, Достук айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынып, атайын комиссияда талкууланып, айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан айылдык округунун 2025-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап:
Достук айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 2-квартал ичинде айылдык бюджетинин кирешелеринин такталган планы, жыл башына бекитилген планга карата 4560,0 миң сом суммасында артыкчылыгы менен бекитилсин (№1-тиркеме).
2. Достук айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 2-квартал ичинде айылдык бюджетинин кошумча чыгашаны каржылоо каражаттар 4560,0 миң сом №2-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы адиси М.Умаровго жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |