Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-апрели №6-5
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун билдирүүсүн кароо жөнүндө.
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун Хидаят ЖЧК жетекчиси А.Зулпукаров айыл аймагынын АК-Шаар участкасындагы №66, №78 контурундагы жайыт жеринин ичинен 5,0 га жеринен шагыл казып алууга макулдук сурап жазган арызы боюнча билдирүүсүн угуп, депутаттар тийиштүү ишкана мекемелердин корутундулары менен таанышып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Хидаят ЖЧК жетекчиси А.Зулпукаровго айыл аймагынын АК-Шаар участкасындагы №66, №78 контурундагы жайыт жеринин ичинен 5,0 га жеринен шагыл казып алууга макулдук берилсин.
2. Хидаят ЖЧК жетекчиси А.Зулпукаровго айыл аймагынын АК-Шаар участкасындагы №66, №78 контурундагы жайыт жеринин ичинен 5,0 га жеринен шагыл казып алууга макулдук берүүдө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен белгиленген тартипте кароо жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык,
турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |